• Печать

 Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин шаар аймагында 2015-жыл ичинде  аткарылган иштер жөнүндөгү отчету слайддар аркылуу көрсөтүлүп, жашоочуларыбыз өз суроолоруна ынанымдуу жоопторду ала алышты. Мындан сырткары шаар мэри 2016-жылга пландалып жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берди.                                        

     Ал эми Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишев өзүнүн отчетунда 2015-жылы жалпысынан 7 жолу сессия өткөрүлүп, каралган 44 маселе боюнча 34 токтом кабыл алынып, аткарууга берилип, алардын аткарылышы боюнча көзөмөл Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлери жана жогоруда аталган туруктуу комиссиялары тарабынан жүргүзүлүп тургандыгына токтолду.

         Мындан сырткары жашоочуларыбыз үчүн ачык бюджет  саясатын  ишке ашыруу, толук, так маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн  арттыруу, социалдык адилеттүүлүк, коллегиялуулук, мыйзамдуулук сыяктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын принциптерин жүзөгө ашыруу максатында, Токтогул шаардык кеңеши тарабынан 2014-2015-жылдар ичинде өткөрүлгөн  сессиялардын жыйынтыгында кабыл алынган   баардык токтомдору,   toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылып жаткандыгын дагы кабарлады.

         Элдик жыйында жарыш сөзгө чыккандар аймактагы аткарылган иштердин жыйынтыктарына ыраазычылыктарын билдирип, шаар мэри М.Калмурзаевдин жана төрага К.Дербишевдин жетекчилиги алдында  аткарылып жаткан иштер журтчулуктун көз алдында, элдин элегинде болуп жаткандыгын баса белгилеп, татыктуу баасын беришти.