Токтогул поселкалык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз
XXII-сессиясынын

ТОКТОМУ № 92

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 14-ноябры

Токтогул шаардык мэриянын аппаратынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы №451-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун” аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү токтому талкууланып, Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы №451-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынчы башкаруусунун” аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү 15.07.2011-жылдыгы №101 мыйзамы аткарууга алынсын.

2. Токтогул шаардык мэриянын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны бекитилсин (токтомдун тиркемесине ылайык).

3. Токтогул поселкалык Өкмөтү өзгөртүлүп Токтогул шаардык мэрия түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы №451-токтомунун негизинде Токтогул шаарынын мэриясынын укук тастыктоочу документациясын Жалал-Абад областык юстициясынан каттоо жүргүздүрүү Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башкы адиси К.Жумалиевге тапшырылсын.

5. Токтогул шаардык мэриянын гербдүү печать, штамп, документтерди кириштөөчү, чыгыштоочу штамптарын, шаардык мэриянын аталышын сыртка жазып илүүгө жумшалуучу акча каражаттарын бөлүп берүү Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

6. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Кочоркановага тапшырылсын.

7. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев