• Печать

2022-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы №31 Жарлыгы менен Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоонун жыйынтыгында Токтогул шаардык кеңешине 31 депутат шайланды. 2022-жылдын 26-апрелинде Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын I уюштуруу сессиясы болуп өттү.Сессияда Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Т.О.Айтикеев жаңы шайланган депутаттарга төш белгилерди салтанаттуу түрдө тапшырды. Токтогул районунун акими А.А.Тюкебаев куттуктоо сөзүн айтып,ийгиликтерди каалады. Ошондой эле сессияда Регламент бекитилди,Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына “Ынтымак” саясий партиясынан Белеков Барман Самидинович шайланды. Мындан сырткары төраганын орун басарлары шайланып,туруктуу комиссиялардын төрагалары,алардын орун басарлары жана мүчөлөрү аныкталды.