• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги III сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2022-жылдын  22-июлу       № 06                         Токтогул  шаары

 

Токтогул шаарынын 2022-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы

менен аткарылган иштер жөнүндө отчетту  угуу

 

 Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын  отчету боюнча туруктуу комиссиялардын  төрагаларынын (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, У.Тойчубеков,  Н.Оркулова) корутундуларын,  депутаттардын сунуштарын  угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2022-жылдын 6 (алты) айына жергиликтүү бюджеттин пландалган  бөлүктөрү жалпысынан аткарылгандыгы белгиленсин.

2.  Аймакты социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган  иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу  аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын отчету эске алынсын, төмөндөгү кемчиликтерди жоюу үчүн  атайын иш –чара иштелип чыксын, аны аткаруу жооптуу кызматкерлерге милдеттендирилсин.

3. Төмөндөгүлөр  аткарууга алынсын:

   -     инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө багытында иштерди жакшыртуу боюнча конкреттүү иш-аракеттер көрүлсүн.

   -  курулуш иштеринде одоно кемчиликтердин орун алып жаткандыгы белгиленсин (аткарылган иштердин сапаты начар, келишимдердин шарттары аткарылбайт, мөөнөтүнөн кеч калып жатышат, келишимде каралган туумдар өндүрүлгөн эмес ж.б.)

  -  шаар аймагында тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринде, ирригация маселелеринде  көптөгөн кемчиликтердин бар экендиги белгиленсин, аталган иштерди жакшыртуу багытында тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.

  -      балдарды колдоо, зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча  жетишээрлик иштер жүргүзүлгөн эмес. Мектептерде, элдик жыйналыштарда аймактык инспекторлор менен бирге калкка түшүндүрүү, ар кандай профилактикалык иштер жүргүзүлсүн (жолугушууларды, тегерек столдорду, конкурстарды ж.б. иш чараларды уюштуруу өткөрүү).

 -       2018-жылдан-2022-жыл аралыгында берилген протоколдук тапшырмаларды шаардык кеңеш менен бирге инвентаризациялап,  аткарылбагандары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн. Жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндө шаардык кеңешке маалымат берилсин.

4. “Суу канал” жана “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканаларынын берген маалыматы боюнча  жыл башынан бери  ичүүчү суу, саркынды сууларды кетирүү, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн  бекитилген пландын аткарылышынын пайыздык көрсөткүчтөрү төмөн экендиги белгиленсин.

5. Бекитилген пландарды аткаруу максатында аталган ишканалар физикалык жана юридикалык тараптардан, жеке ишкерлерден алынуучу абоненттик төлөмдөрдү чогултуунун эффективдүү механизмдерин иштеп чыгышсын,  жүзөгө ашырышсын (билинг системасы, банк картасы аркылуу төлөө ж.б).

6.  Аймакты ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган иштерди аткаруу боюнча  мындан нары жооптуу кызматкерлерге катуу талаптар коюлсун.

    7.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

    8.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү  туруктуу комиссияларга  (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, У.Тойчубеков,  Н.Оркулова) ) тапшырылсын.

     9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

    10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                                         Б.С.Белеков

                    Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги III  сессиясы

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  22-июлу       № 07                         Токтогул  шаары

2022-жылдын 6 (алты)  айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана Токтогул шаардык кеңешинин 08.02.2022-жылдагы № 05, 06 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык,2022-жылдын 6 айына жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын отчету, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын маалыматы боюнча“Бюджет, экономика, финансыкаражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынынкезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2022-жылдын 6 (алты) айына  жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө “Бюджет, экономика, финансы  каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
  1. Ушул жылдын 6 (алты)  айына   план 23519,0 миң сом, аткарылганы 27692,8 миң сом, жалпысынан бюджеттин киреше бөлүгү 117,7% аткарылгандыгы  белгиленсин.
  1. Транспорт каражаттарына бекитилген планды аткарууга жетишүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштер  жүргүзүлсүн.
  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым  өзгөртүүлөр менен ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
  1. Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын 18.02.2022-жылдагы 01-34/322-а сунушунун негизинде,  Коргол көчөсүндөгү балдар бакчасынын курулушу үчүн керектелүүчү бетон плитага тапшырык берүү үчүн, бакчанын курулуша каралган каражаттын эсебинен 950,0 миң сом акча каражатын  “КубАй” ЖЧКнын  эсебине которулуп берилсин (макулддашуунун негизинде).
  1.  Бул токтомду  аткаруу Токтогул шаарынын мэринин милдетин аткаруучусуна  (Т.Ш.Дарманова)  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Токтогул шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Бакиева) тапшырылсын.   
  2. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

    10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:                                                  Б.С.Белеков

                

                                                                                                       БЕКИТИЛДИ

                                                                            Токтогул шаардык кеңешинин

                                                                                XXIX чакырылышынын

22.07.2022-жылдагы кезектеги  III сессиясынын № 07 токтомуна Тиркеме

 

2022-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каржаттарынын ачыктамасы

                                                                                                    Таблица 1

        

 

Мазмуну

статьясы

Сумма миң сом)

 

Тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттар

1.

Тех.көзөмөлдөөчүнүн кызмат көрсөтүүсүнөн

2215

5,0

2.

Шаардык мэрияга веб сайт ачуудан

2215

10,0

3.

2 даана желек сатып алуудан

2222

18,0

4.

Шаардын көчөлөрүн шагылдоо,түздөө

2221

28,0

5.

Суеркулов көчөсү №32 үйдүн күн батыш тарабын темир тосмо менен короолодон

3111

113,2

6.

Шаардык кеңештин кеңсесин кеңейтүү, реконструкциялоо үчүн бөлүнгөн акча каражатынан

3111

1172

7.

Жер сатуудан түшкөн каражат

 

77,6

8.

Эл жана турак жайды каттоодон  үнөмдөлгөн

 

85,9

9.

Арча Бешик б/б  жабдууларды алуудан

 

2,0

 

Баардыгы:

 

1511,7

 

Кыскартылган акча каражаттары:

 

 

10.

Азимкан көчөсүн асфальттоого

3111 

3949,2

11.

Жаштар аллеясын курууга

3111 

3238,3

 

Жалпы сумма:

 

8699,2

 

Таблица 2

2022-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө бекитилген каралажаттардын ачыктамасы

 

 

Мазмуну

Статья

Бөлүнгөн сумма

1

Турдахунова Мухадас (гемодиализ алуу үчүн) материалдык жардам

2721 

10,0

2

БЧУ өрт коопсуздугу үчун электр зымдарын алмаштыруу, тешилген жылытуу батареяларын алмаштырууга

2221

54,8

3

БЧУ видео көзөмол орнотууга

3112 

50,0

4

Токтогул мектептин ашканасына кастрюля алууга

3112

51,0

5

Токтогул мектебине музыкалык аппаратура алууга

3112

150,0

6

Токтогул мектебине видео көзөмөл орнотууга

3112

215,0

7

Д.Турдумамбетов мектебине краска алууга

2221

7,2

8

Д.Турдумамбетов мектебине видео көзөмөл орнотууга

3112

100,0

9

Бөкөнбаев мектебине видео көзөмөл орнотууга

3112

215,0

10

Т.Ормонбеков мектебине видео көзөмөл орнотууга

3112

65,0

11

Т.Ормонбеков атындагы мектеп лицейинин полдорунун оңдоп түзөөгө (2 класс кабинет, ашкана)

3111

300,0

12

“Достук”б/б пластик терезе алууга (8 м2)

3112

50,0

13

“Достук” б/б өрт коопсуздугу үчүн   керектүү шаймандарга

2222

19,8

14

“Достук” б/б видео көзөмөл орнотууга

3112

130,5

15

“Арча-бешик” бала бакчага видео көзөмөл орнотууга

3112

130,5

16

“Наристе” б/б ички жылытуу системасына керектелүүчү тетиктер

2221

12,5

17

“Наристе” б/б өрт коопсуздугу  үчүн  керектелүүчү  шаймандарга

2222

19,8

18

Наристе б/б видео көзөмөл орнотууга

3112

60,0

19

“Наристе” б/б ашканасына жылытуу системасын орнотууга

3111

203,5

20

 “Күн нуру” б/б  көмүр менен камсыз кылууга

2224

30,0

21

“Күн нуру” б/б электр зымдарын алмаштырууга

2222

7,9

22

 “Күн Нуру” видео көзөмөл орнотууга

3112

60,0

23

“Байчечекей” б/б өрт  коопсуздук үчүн керектелүүчү шаймандарга

2222

19,8

24

“Байчечекей” б/б килем, дорожкаларды алууга

3112

55,0

25

“Байчечекей” бала бакчасынын терезелерин алмаштырууга  (3даана, 10,69 м2)

3112

49,0

26

“Байчечекей” бала бакча видео көзөмөл орнотууга

3112

130,5

27

Токтогул шаардык  мэриясына  элге жеңилдиктерге каражат бөлүү боюнча

2721

200,0

28

“Ынгайлуу шарт” МИ   бөлүнгөн сумманын ачыктамасы                                                                                         1) Кун нуру менен иштеген чырактарга    - 144,0;                         2) Чырактарга (50, 100 ватт) - 100,0 ;                                              3) НТУ 02-60-254 диам.250-85,0;                                                    4) Азбестоцемент суу түтүктөрү Калыңдыгы 37,5 мм, узуну 5 м-125,0;                                                                                                5) Фотореле-30,0;                                                                                6) Провод 2 жильный -15,3;                                                            7)Темир түтүктөр, жол белгилери- 225,0;                                       8) Краска-50,0;                                                           

2215

774,3

29

“Ыңгайлуу шарт” МИ субсидияга кошумча

2511

200,0

30

Жыл башында эки даана аялдама курууга каралган суммага кошумча  каражат

3111

200,0

31

А.Бекташов көчөсүнө (жашылча саткан күркөлөрдүн алдына)  аялдама курууга

3111

350,0

32

К.Момункулов көчөсүнө ("Кутман" магазинин жанына) аялдама курууга

3111

350,0

33

Токтогул шаарынын көчөлөрүнө шагыл төшөө

2221

500,0

34

Бөкөнбаев мектеби, Арча-бешик б/б жайгашкан көчөлөрдө  унаа ылдамдыктарын азайтуу үчүн “лежачий полицейский” орнотууга

2221

100,0

35

Күн –Нуру балдар бакчасына от жаккан мешин өзүнчө бөлмө куруп,  чыгарууга

3111

643,5

36

Күн –Нуру балдар бакчасынын ашканасынын потологун оңдоого   

2221

10,0

37

Күн –Нуру балдар бакчасына ажаткана курууга (4 очко)   

3111

716,7

38

Бишкек-Достук көчөсу аркылуу 3 жерге кран, Ак-Жонго 1 кран, Сейилбу көчосүнө  3 жерге кран орнотуу менен Бишкек-Боркеев көчосу аркылуу Таласбайдагы бала-бакча курулуучу жерге чейин (диам.50) суу түтүгүн орнотуп, суу менен камсыз кылуу үчун “Токтогул Суу канал ишканасына субсидия катары каражат бөлүү 

2511

800,0

39

Долбоор иштеп чыгууга

2215

600,0

40

Жыл башында балдар ойноочу аянтчаны оңдоп түзөөгө каралган акча каражатына кошумча 

3111

200,0

41

Казакбаев көчөсүн жарыктандырууга электр  чубалгыларын тартууга

2215

20,0

42

Эс алуу багына  жаңы скамейкаларды орнотууга

3111

700,0

43

Эс алуу багына кире бериштеги жазууну ("А.Козубеков атындагы эс алуу багы") кайрадан жасатуу

 2215

56,0

44

Эс алуу багындагы көчө тренажерлорун оңдоп-түзөөгө

3111

81,9

 

 

 

8699,2

 

Төрага:                                              Б.С.Белеков

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын

кезектеги III  сессиясы

 

ТОКТОМ                                                  ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2022-жылдын  22-июлу       № 08                         Токтогул  шаары

26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо

 киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, 26.04.2022-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо  киргизүү боюнча депутат К.К.Коконбаевдин сунушун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын  кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 31.05.2018-жылдагы № 03 токтомдун 1 пунктуна  төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо  киргизилгендиги эске алынсын.
  1. “Бирге-Вместе” фракциясынын депутаты  Өмуржан уулу Мирбек өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу эске алынсын.
  1. Бош калган орунду ээлеген, жогоруда аталган фракциянын депутаты  Коконбаев Кенжебек Коконбаевич  “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
  1. Тиешелүү туруктуу комиссиянын иш планына ылайык иш алып баруу жагы  Коконбаев Кенжебек Коконбаевичке тапшырылсын.  
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрайымына (Д.Бакиева) жүктөлсүн.  
  1. Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

  7.    Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө  жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 8.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg веб-сайтына    жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:                                             Б.С.Белеков