Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын

I уюштуруу сессиясынын

ТОКТОМУ №1

Токтогул шаарчасы                                           2- апрель 2010 жыл               Токтогул поселкалык Кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө.

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  15.07.2011 жылдагы   № 101 мыйзамынын,  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу улуттук агенттигинин директорунун №04-24/63 номердеги буйругу менен 2008-жылдын 29-сентябрында  бекитилген, айылдык округдук Кеңештери жана поселкалык Кеңештеринин типтүү регламентинин негизинде, Токтогул поселкалык Кеңешинин типтүү регламенти боюнча Токтогул райондук Кеңешинин төрагасы Төлөгөн Эсенкуловичтин билдирүү баяндамасы угулуп  талкууланып, жыйынтыгында Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын I уюштуруу сессиясы ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Токтогул поселкалык Кеңешинин типтүү регламенти бекитилсин.
  2. Типтүү регламенттин негизинде Токтогул поселкалык Кеңешинин ишин жүргүзүү Токтогул поселкалык Кеңешинин депутаттарына, туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
  3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык Кеңешинин төрагасы:                                   А. Асылбеков