• Печать

                         Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын
                                                       I- уюштуруу сессиясынын

                                                               ТОКТОМУ № 3

Токтогул шаарчасы 2-апрель 2010-жыл
Токтогул поселкалык Кеңешинин
туруктуу комиссияларын түзүү
жана туруктуу комиссияларынын
мүчөлөрүн бекитүү.

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын, 32-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлө тургандыгы угулуп, талкууланып, жыйынтыгында Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын I- уюштуруу сессиясы

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул поселкалык Кеңешинин “ Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы түзүлсүн, комиссиянын мүчөлөрү болуп депутат:
• Исраилов Адыл – төрага
• Болгонбеков Болот
• Сыргабаев Ормон
• Чоюбекова Анаркан

2. “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясы түзүлсүн, комиссиянын мүчөлөрү болуп депутат:
• Шабданова Шайлоокан – төрайым
• Ондошова Майрамкан
• Момункулов Кубаныч
• Абдылдабеков Токтобек

3. “ Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чындоо, даректүү жардам жана жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясы түзүлсүн, комиссиянын мүчөлөрү болуп депутат:
• Исманалиев Абдуллабек – төрага
• Азимов Бакыт
• Тойчубеков Урмат
• Абышов Самат
• Калмурзаев Марат
4. “Жер, жер формасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча туруктуу комиссиясы түзүлсүн, комиссиянын мүчөлөрү болуп депутат:
• Асакеев Мурат – төрага
• Райымбеков Улан
• Азимов Алмаз
• Дөөлөтбеков Максатбек бекитилсин.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков