• Печать

Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезектеги III – сессиясы

ТОКТОМ № 12

Токтогул шаарчасы 16-сентябрь 2010-жыл

Токтогул поселкалык Кеңешинин депуттарынын кароосу менен муниципалдык менчиктеги жерлерди аукционго коюу жолу менен ижарага берүү же сатуу жөнүндө.

КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 15.03.2002 жылдагы № 37 мыйзамынын негизинде ( КР 22.11.2006 жылдын № 184 мыйзамынын редакциясына ылайык), Токтогул поселкалык Кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Асакеев Мураттын билдирүү маалыматы угулуп, талкууланып, жыйынтыгында Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги III- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 15.03.2002 жылдагы № 37 мыйзамдын негизинде ( КР 22.11.2006 жылдын № 184 мыйзамынын редакциясына ылайык) Токтогул поселкалык Кеңешинин депуттарынын кароосу менен Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жерлерди аукционго коюу жолу менен ижарага берүү же сатуу жагы белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Исаковго тапшырылсын.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков