• Печать

Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясынын

ТОКТОМ № 60

Токтогул шаары 2011-жылдын 28-декабры

Токтогул поселогундагы ички жолдорду, көчөлөрдү электр жарыгы менен жана жашоочуларды жылуулук ресурстары менен камсыздоо

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын, 18, 31-беренелерине ылайык Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул поселогундагы ички жолдорду, көчөлөрдү электр жарыгы менен жана жылуулук ресурстары менен камсыздалышы жөнүндө Токтогул поселкалык Кеңешинин «Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш өнөр-жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Азакеевдин маалыматы эске алынсын.

2. Токтогул поселогунун ички жолдорунун абалынын начарлап кеткендигин эске алып, ондоп- түзөө жана көчөлөрдү түнкү электр жарыгы менен белгилүү ирээтте камсыздоо Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысы М.Калмурзаевге, «Ынгайлуу шарт түзүү» комбинатынын инженерии А.Маранбаевге тапшырылсын.

3. Поселоктогу жол кырсыгын алдын алууга карата, жол эрежелерин сактоо үчүн Кыргызстан көчөсүнө белги (лежачий полицейский) коюп, аны орнотууга тийишт материалдарын (эмеректерин) камсыздоо жагы Токтогул поселкалык Өкмтүнүн башчысы М.Калмурзаевге жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул поселкалык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Азакеевге тапшырылсын.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков