Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясынын
ТОКТОМУ № 104

Токтогул шаары 2012-жылдын 10-декабры

Ажатканаларды тазалоодо көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөөнүн тарифин белгилөө жөнүндө

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын, 31-беренесинин негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясы, “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси А.Маранбаевдин сунуштарын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси А.Маранбаевдин сунушу эске алынып, Токтогул шаарынын аймагында жайгашкан мекеме-ишкана, уюмдарга (менчигинин түрүнө карабастан), жеке ишкерлерге, шаарыбыздын тургундарына ажаткана тазалоо үчүн көрсөтүлгөн кызмат үчүн тариф 2000 (эки мин) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын жетекчиси А.Маранбаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Тойчубековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев