• Печать

Токтогул шаардык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезексиз
ХХШ-сессиясынын

ТОКТОМУ № 103

Токтогул шаары 2012 – жылдын 10-декабры

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде таштанды чыгаруудан алынуучу жыйымдарды киргизүү боюнча

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кодексин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17- октябрындагы №231 мыйзамынын негизинде жана мамлекеттик салык кодексинин №12 статьясынын 1, 2 пунктуна ылайык, Токтогул шаардык Кеңешенин ХХVI-чакырылышынын кезексиз XXIII –сессиясы Токтогул шаардык Кеңешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Исраиловдун маалыматын угуп жана талкуулап

ТОК’ТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кодексин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17- октябрындагы №231 мыйзамынын негизинде жана мамлекеттик салык кодексинин №12 статьясынын 1, 2 пунктуна ылайык 2013-жылдын 1- январынан баштап жеке кожолуктардан киши башына 40 сомдон, юридикалык жактардан иштеген адамдын санына жараша 80 сомдон таштанды чыгаруудан жыйым Токтогул шаардык мэриясынын аймагына киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевге, ал эми аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэрии М.Калмурзасвге, ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев