• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясынын
ТОКТОМУ № 96

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 14-ноябры

Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин балансында турган бир корпус имаратын райондук архитектура мекемесинин иштөө жайына берилиши жөнүндө.

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын, 18, 31-беренелерине КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 15.03.2002 жылдагы № 37 Мыйзамынын, ( КР 19.08.2005 жылдын № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык), 4-5 бөлүмдөрүнө ылайык, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мектептин балансында турган бир корпус имаратты райондук архитектура мекемесинин иштөө жайына ижарага берүү үчүн (атайын түзүлгөн комиссия) Токтогул шаардык мэриясынын жетектөөчү жер, курулуш боюнча башкы адиси, райондук архитектура мекемесинин жетекчиси, мектеп директору, Токтогул шаардык Кеңешинин ушул тармак боюнча иш алып баруучу туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү биргелешип туура жолун иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин тапшырылсын.

2. Эки тарап бир жыйынтыкка келише албаса сот аркылуу чечүү жагы эки тарапка сунушталсын.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Азакеевге, аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси К.Жумалиевге тапшырылсын.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев