• Печать

Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясынын
ТОКТОМУ № 91

Токтогул шаарчасы 2012- жылдын 14-ноябры Токтогул шаардык Кеңешинин аппаратынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы №452-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңешинин, республикалык, областтык, райондук маанидеги жана райондук Кеңештеринин аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны” боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу” жөнүндөгү 15.07.2011-жылдагы № 101-мыйзамынын 37-беренесинин 5-пунктунун мыйзамын аткарууга алып Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы №452-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңешинин, республикалык, областык, райондук маанидеги жана райондук Кенештеринин аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны” боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу” жөнүндөгү 15.07.2011-жылдагы № 101 мыйзамы аткарууга алынсын.
2. Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасынын жана аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны бектилилсин.
3. Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасынын жана аппаратынын төмөндөгү типтүү түзүмүнө жана штаттык санына жумшалуучу жана материалдык техникалык камсыздоо боюнча акча каражаттын чечип берүү0 жагы Токтогул шаардык мэриясынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
1. Шаардык Кеңешинин төрагасына – 1 штаттык саны
2. Жооптуу катчысы – 1 штаттык саны.
3. Башкы адис – 1 штаттык саны.
4. Жетектөөчү адис – 1 штаттык саны.
4. Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасынын айлык маянасы, соцфондго чегерилүүчү каражатты 2013-жылдын январь айына чейин жергиликтүү бюджеттен каралсын.
5. Токтогул шаардык Кеңешинин гербдүү печать, штамптарын, шаардык Кеңешинин депутаттарынын күбөлүктөрүн, төш белгилерин жана шаардык Кеңешинин аталышын сыртка жазып илүүгө жумшалуучу акча каражаттарын бөлүп берүү ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
6. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев