Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясынын
ТОКТОМУ № 90

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 14-ноябры

Токтогул шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаар категориясына киргизилгендиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2012-жыл 27-сентябрь №168 мыйзамынын негизинде, Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2012-жылдын 27-сентябрындагы №168, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилгендигине байланыштуу аткарууга алынсын.

2. Ушул мыйзамда Токтогул поселоктук Кеңеши өзгөртүлүп Токтогул шаардык Кеңешине жана Токтогул поселогунун аткаруу органы Токтогул шаарынын мэриясы деп аталганына байланыштуу жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

3. Кыргыз Республикасынын 17.04.2012-жылдагы № 41 “2012-жылдын бюджеттин бекитүү жөнүнүндө” жана “2013-2014-жылдарга болжолдуу бюджеттин доолборун бекитүү жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесине ылайык Токтогул шаарынан түшкөн киреше салыктын 40%ы Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетине чегерилсин.

4. Токтомду (3 болугун) аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриянын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков