Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI -чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясынын

ТОКТОМУ № 88

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 31-октябры

Токтогул районундагы Афганистан согушунун ардагерлер Кеңешинин төрагасы К.Өмурбековдун жана мүчөлөрүнүн кайрылуусу жөнүндө

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI -чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Афганистан согушунун ардагерлеринин поселоктогу А.Сүйөркулов атындагы көчөсүнөн орун алган офисинин күн чыгыш тарабынан же офистин астынан, бет мандайынан жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жана аскердик техника (танк же БТР) койгонго 1 сотых же 49 м2 жер бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысы М.Калмурзаевге тапшырылсын.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков