• Печать

Токтогул поселкалык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XIX-сессиясынын

ТОКТОМУ № 81

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 15-июну

Шаар тибиндеги поселокторду айылга же шаарга айландыруу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-марттагы №198 токтому менен “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасынын Концепциясынын”, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын бөлум башчысы Тостоков Эстебестин маалыматын угуп жана талкуулап, Токтогул поселкалык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз XIX-сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Административдик-аймактык түзүлүшкө карата Токтогул шаар тибиндеги поселогун райондук маанидеги шаарга өтүүнү сунуштайт.

2. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков