• Печать

Токтогул поселкалык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезексиз XV- сессиясынын

ТОКТОМУ № 66

Токтогул шаарчасы 2012-жылдын 23-январы

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде таштанды чыгаруудан алынуучу жыйымдарды киргизүү боюнча

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кодексин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 мыйзамынын негизинде мамлекеттик салык кодексинин № 12 статьясынын 1,2 пункттарына ылайык, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын, 31-беренесине ылайык, Токтогул поселкалык Кеңешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Исраиловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Токтогул поселкалык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кодексин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 мыйзамынын негизинде мамлекеттик салык кодексинин №12 статьясынын 1, 2 пунктуна ылайык 2012-жылдын 1-январынан баштап жеке кожолуктардан киши башына 40 сомдон, юридикалык жактардан иштеген адамдын санына жараша 80 сомдон таштанды чыгаруудан жыйым Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн аймагына киргизилсин.

2. 2012-жылдын 10-февралына чейин жыйым төлөөчүлөрдүн так санын тактоо жагы айыл башчыларына жана салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы Токтогул поселкалык Өкмөтүнүн башчысы М.Калмурзаевге, ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул поселкалык
Кеңешинин төрагасы: А. Асылбеков