Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXII – сессиясынын
ТОКТОМУ № 140
Токтогул шаары 25-октябрь 2013-жыл
Токтогул шаардык Кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 168 мыйзамынын негизинде Токтогул поселогу райондук маанидеги шаар категориясына киргизилгендиктен, мурдагы Токтогул поселкалык Кеңеши Токтогул шаардык Кеңеши болуп өзгөртүлгөндүгү эске алынсын.
- Жогоруда айтылгандардын негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин типтүү регламенти бекитилсин.
- Бул типтүү регламенттин негизинде Токтогул шаардык Кеңешинин ишин жүргүзүү Токтогул шаардык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
Кенешинин төрагасы: К.Дербишев