• Печать

Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз  XXX – сессиясынын

Т О К Т О М У № 133

 Токтогул шаары                                                                           23-август 2013- жыл

Токтогул  шаарынын аймагындагы  балдар бакчаларындагы топтордун комплекттениши жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул  шаардык Кенешенин XXVI-чакырылышынын кезексиз  XXX – сессиясы угуп жана талкуулап

Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоонун, окутуунун, өнүктүрүүнүн зарыл дэңгээлин камсыз кылуу үчүн, топторду курак боюнча бөлүүдө жана комплекттөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы №742 токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык жүргүзүлүүсү сунушталсын.

Балдардын курагына, ден соолук абалына, жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык, аларды кабыл алуу,  топторду балдар менен жогоруда аталган стандартка, санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык комплекттөө жоопкерчилиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.

Бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экологиялык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык

Кеңешинин төрагасы:                                К.Дербишев