• Печать

Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXX – сессиясынын

Т О К Т О М У № 132

Токтогул шаары                                                                             23-август 2013- жыл

Токтогул поселкалык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги IV – сессиясынын 15.12.2010-жылдагы № 07 токтомуна өзгөртүү киргизүү, социалисттик эмгектин баатырларынын жана улуу акындардын эстеликтерин орнотуу учун жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

20.03.2013-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында болуп өткөн кеңешменин протоколу боюнча аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн, ардагерлер кеңешинин төрагасынын, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким У.Шабдановдун жана башка депутаттардын сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык Кенешенин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXX – сессиясы

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

Жогоруда айтылгандарды эске алып, Токтогул поселкалык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги IV – сессиясынын 15.12.2010-жылдагы № 07 (21) токтомуна өзгөртүү киргизилсин. Жыйынтыгында Токтогул шаарынын борбордук аянтчасындагы фонтандын эки тарабына социалисттик эмгектин баатырлары Эмилбек Курманбеков, Мамбет Абдылдаев, Аманкан Мамыровдун эстеликтерин жана улуу акындарыбыз Жоомарт Бөкөнбаев, Коргол Досуев, Тууганбай Абдиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкалый Керимбаевдин эстеликтерин жайгаштырууга макулдук берилсин.

Аталган жер аянттарына Токтогул райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен бирдикте АПЗсын даярдап, иштеп чыгуу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана башкы адис К.Жумалиевге тапшырылсын.

Бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев