• Печать

Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIX – сессиясынын
Т О К Т О М У № 128
Токтогул шаары 18-июль 2013- жыл
“Суу канал” мекемесине караштуу башкы кампадан кеткен бардык суу түтүктөрүн (Токтогул шаарына, Жаныжол, Балачычкан, Кызылтуу айылдарына кеткен) жеринде текшерип, кароо үчүн убактылуу комиссия тузуу жөнүндө

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Суу канал” мекемесине караштуу башкы кампадан кеткен суу түтүктөрү аркылуу кеткен суу Токтогул шаарынан башка дагы Жаны-Жол айыл округуна караштуу Жаны-Жол, Балачычкан, Кызылтуу айылдарына кетип жатат. Натыйжада Токтогул шаарынын аймагына суу жетпей калууда. Бул маселе боюнча Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси З. Молдалиев, Жаны-Жол айыл округунун башчысынын орун басары А.Кулжабаева, Жаңы-Жол айылдык Кенешинин торагасы К.Кудакеев, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев, “Суу канал” мекемесинин башчысы Ч.Анарбаев өз ой-пикир, сунуштарын айтышып, маселе кызуу талкууга алынды.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу” жонундогу 2011-жылдын 11-июлундагы №101 мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIX – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Жогоруда айтылган ой пикирлер эске алынып, башкы кампадан кеткен бардык суу түтүкторүн жеринде текшерип, кароо үчүн атайын томондогу курамда комиссия тузулсун:
1) М.Казатов -Токтогул мамлекеттик администрациясынын
башкы адиси
2) М.Калмурзаев – Токтогул шаарынын мэри
3) Ч.Анарбаев -“Суу канал” чарбасынын жетекчиси
4) К.Жумалиев -Токтогул шаардык мэриясынын жер адиси
5) Т.Чуулдаков -Токтогул шаардык мэриясынын юристи
6) К.Дербишев -Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы
7) С.Кылданов -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
8) М.Дөөлөтбеков -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
9) А.Исраилов -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
10) Т.Абдылдабеков -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
11) С.Узбеков -Жаңы-Жол айыл округунун башчысы
12) У.Кудакеев -Жаңы-Жол айыл округунун жер адиси
13) К.Кудакеев -Жаңы- жол айылдык Кенешинин торагасы
14) А.Борбиев -Жаңы-Жол айылдык Кенешинин депутаты
15) Т.Озубеков -Жаңы-Жол айылдык Кенешинин депутаты
16) Н.Суеркулов -Балачычкан айылынын айыл башчысы
17) Д.Жакшыбаев -Жаңы-Жол айылынын айыл башчысы

2. Башкы кампадан кетип жаткан сууга байланыштуу бардык маселерди дыкаттык менен карап, талкуулап, жыйынтыгын протокол менен жол-жоболоштурулуп, кийинки сессияга сунуштоо жагы жогорудагы тузулгөн комиссияга тапшырылсын.

3. Бул токтомду аткарылышын козомолдоону озумо калтырам.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине) жайгаштырылган кундон баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кенешинин төрагасы: К.Дербишев