Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVIII –сессиясынын
ТОКТОМУ № 127
Токтогул шаары 28- июнь 2013- жыл
Токтогул шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине көзөмөл жүргүзүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011- жылдагы № 101 мыйзамынын 31,32 -беренелеринин негизинде Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVIII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык мэриясы тарабынан, жергиликтүү бюджеттин эсебинен, жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-тузөө (ремонт, реконструкция) иштерине көзөмөл жүргүзүү үчүн төмөндөгү курамда убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
Комиссиянын төрагасы:
Кылданов С -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
Мүчөлөрү:
Абдылдабеков Т -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
Азимов Б -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты Турдалиев К -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
Исраилов А -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
2. Комиссиянын иштөө мөөнөтү 2013-жылдын 1-ноябрына чейин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев