Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVIII –сессиясынын

ТОКТОМУ № 126-б

Токтогул шаары 28- июнь 2013- жыл

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын талапкерлигин сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө жобого ылайык Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVIII – сессиясы

ТОКТОМ К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаардык Кеңешинде катталган, шаарыбыздын аймагында жашаган, 18 (он сегиз) жарандын талапкерлиги аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине сунушталсын.

2. Талапкерлердин документтерин толугу менен Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жагы Токтогул шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага тапшырылсын.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев