Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги
XXVII – сессиясынын

Т О К Т О М У № 126-а

Токтогул шаары 06.06.2013-жыл

Токтогул шаарынын Шарипов 15
үйүнүн жашоочусу З.К.Тилекматованын арыздары боюнча

Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин Токтогул шаарынын жашоочусу З.К.Тилекматова тарабынан жазылган арыз боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешенин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаарынын Шарипов 15 үйүнүн жашоочусу З.К.Тилекматованын арызы боюнча 2005-жылы туулган Тынчтыкбек уулу Бактыярдын ден-соолугунун абалы эске алынып, бул үй-бүлөгө 10,0 мин сом акча каражаты жардам ирээтинде бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев