Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясынын
Т О К Т О М У № 125
6-июнь 2013- жыл Токтогул шаары

Токтогул шаарынын жашоочуларына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү 2011-жылдын 11-июлундагы №101 мыйзамынын 31-беренесинин 5 пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005 жылдын 6-майындагы № 177 Токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү маселелери жогоруда аталган жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

2. Ар бир кайрылган жарандын жеке менчик турак үй курууга жер участогун берүү өтүнүчүн жана ага тиркелген башка документтерин аныкталган тартипте карап, туура чечим чыгаруу үчүн, жогоруда аталган жобонун 10 пунктуна ылайык, атайын комиссия түзүү жагы Токтогул шаардык мэриясына тапшырылсын. Токтогул шаардык Кеңешинин төмөндөгү депутаттары комиссия курамына киргизилсин:
1. К.Дербишев – Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы
2. М.Дөөлөтбеков -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
3. Б.Азимов -Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты

3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев