• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясынын
Т О К Т О М У № 121

6- июнь 2013- жыл Токтогул шаары

Шаардын санитардык абалы, экология, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча иштердин, шаардын көчолорүнүн абалы, мал-жандыктарды ветеринардык кароодон өткөрүү, сугат каналдарынын абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу” жөнүндөгү 2011-жылдын 11-июлундагы №101 мыйзамынын 18, 31-беренелеринин негизинде, Токтогул шаарык мэриясынын алдындагы “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын башчысы А.Маранбаевдин жана жетектоочу адис Т.Шатманалиевдин маалымат билдируулорун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

6. Шаардын санитардык абалы, экология, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, арык сууларын жеткирүү боюнча аткарылып жаткан иштерде жетишкендиктер менен бирге айрым кемчиликтердин дагы бар экендиги эске алынып, жогоруда аталган иштер тиешелүү деңгээлде жүргүзүлсүн.

7. Шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу, борбордук жана башка ички көчөлөрдүн абалын жакшыртуу, чукур жерлерин ондоо (ямочный ремонт аркылуу асфальттоо, шагыл төктүрүү) боюнча жана башка дагы пландалган иштерди өз убагында аткаруу жагы “Шынгайлуу шарт түзүү” комбинатынын башчысы А.Маранбаевге милдеттендирилсин. Аткаруу мөөнөтү 2013 жылдын 1- сентябрына чейин деп белгиленсин.

8. Жогоруда белгиленген аткаруу мөөнөтү эске алынып, “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинаты тарабынан аткарылуучу иштер үчүн атайын иштоо графигин түзүү жагы Токтогул шаардык мэриясына тапшырылсын.

9. Ар кандай жугуштуу мал ооруларынын алдын алуу, ветеринардык эмдөө жүргүзүү, малдардын эсебин жылына тактоо, жалпы ветеринардык эрежелерди жетекчиликке алуу менен иш алып баруу мындан ары дагы колго алынсын.

10. Ветеринардык сервис ачуу үчүн инвестиция тартуу боюнча атайын иш-чара иштелип чыгып, аны кийинки сессияга сунуштоо жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана жетектөөчү адис Т.Шатманалиевге милдеттендирилсин.

11. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин башкы адиси А.Койчубаевге тапшырылсын.

12. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев