• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы

Т О К Т О М № 119

Токтогул шаары 5-апрель 2013- жыл

“Муниципалдык менчиктеги А.Козубеков атындагы Эс алуу багында жайгашкан мейманкананы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине (ДЮСШ) убактылуу колдонууга берүү жөнүндө ”

КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 15.03.2002 жылдагы № 37 Мыйзамынын ( КР 19.08.2005-жылдын № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык), 4-5 бөлүмдөрүнүн, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын 31 беренесине ылайык, Токтогул шаардык Кеңешинин торагасы К.Дербишевдин Токтогул райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Э.М.Майназаровдун кайрылуу каты боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул поселкалык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясынын 23.01.2012 жылдагы №7 токтому эске алынып, жогоруда аталган А.Козубеков атындагы Эс алуу багында жайгашкан мейманкана балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине (ДЮСШ) 10 жылдык мөөнөт менен, башкача айтканда 01.04.2023 жылга чейин убактылуу колдонуу үчүн эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде берилсин.

2. Убактылуу колдонуу мөөнөтүнүн аягына чейин, мейманканага тиешелүү салыктарды өз убагында төлөп туруу, мейманкананын айлана тегерегин тазалап, косметикалык ремонттон өткөрүп туруу, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт менен машыгуусун чындоо үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жагы спорт мектептин директору Э.М.Майназаровго милдеттендирилсин.

3. Аталган Мейманкананын ичиндеги эмеректерди сыпаттап жазуу менен өткөрүп алуу актысын түзүү жагы шаардын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык Кеңешинин башкы адиси А.Койчубаевге тапшырылсын.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев