• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын

Т О К Т О М У № 118

Токтогул шаары 5-апрель 2013- жыл

“Токтогул шаардык Кеңешинин фермерлер Кошуунун жоюу жөнүндө”

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты А. Исраиловдун Токтогул шаардык Кеңешинин фермерлер Кошуунун жоюу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. АРИСтин “Айыл чарбасын инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү” долбоорунун II компонентинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Токтогул шаардык Кеңешинин фермерлер Кошууну жоюулсун.

2. Токтогул шаардык Кеңешинин фермерлер Кошуунун жоюулушунун негизинде иш кагаздарын архивге тапшыруу жагы фермерлер Кошуунун төрагасы А.Койчубаевге тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Токтогул шаардык Кеңешинин катчысы С.Наралиевага милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев