• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги
XXV – сессиясынын

Т О К Т О М У № 115

Токтогул шаары 15-март 2013-жыл

А.Козубеков атындагы эс алуу багынын ичинде жайгашкан айлампа каруселди жана Бөкөнбаев атындагы орто мектебине караган эски Гагарин атындагы орто мектебинин ЖАГУ филиалы пайдаланган фин тибиндеги 1батир имаратын бузууга карата түзүлүүчү комиссия курамына депутаттардын кошулуусу жөнүндө

КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” 15.03.2002 жылдагы № 37 Мыйзамынын ( КР 19.08.2005-жылдын № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык), 4-5 бөлүмдөрүнүн, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 15.07.2011 жылдагы № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин жана башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXV – сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаардык Кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин жана башка депутаттардын сунуштары эске алынып, А.Козубеков атындагы эс алуу багынын ичинде жайгашкан айлампа каруселди жана Бөкөнбаев атындагы орто мектебине караган эски Гагарин атындагы орто мектебинин ЖАГУ филиалы пайдаланган фин тибиндеги 1батир имаратын бузууга карата атайын комиссия түзүлүп, курамына төмөндөгү аты аталган Токтогул шаардык Кеңешинин депутаттары кошулсун.

1) К.Турдалиев – Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
2) С. Кылданов – Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
3) М.Доолотбеков – Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
4) Т.Абдылдабеков- Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты
5) А.Азимов – Токтогул шаардык Кеңешинин депутаты

2. Жогоруда аталган объектерди бузуудан алынган бардык материалдарды ар бир объект боюнча өзүнчө сыпаттап жазуу менен комиссиянын толук курамынын катышуусунда өткөрүп алуу актын түзүү жагы комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев