• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын
ТОКТОМУ № 105
Токтогул шаары 15-февраль 2013-жыл

Токтогул шаарынын аймагында жол белгилерин орнотуу, жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аймактык тескөөчүлөр менен тыгыз байланышта иштөө жана шаардын ички жолдорунда жол коопсуздугун көзөмөлгөө алуу үчүн бир ЖККБ кызматкерин Токтогул шаардык мэриясына бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101 мыйзамынын негизинде, Токтогул райондук ИИБ башчысынын орун басары Ж.Усеновдун жана ЖККБ башчысы Р.Ушумбаевтин жол коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарындагы коомдук уюмдардын, ички иштер бөлүмүнүн шаардагы аймактык инспекторлорунун жана шаардагы жол эрежелеринин коопсуздугун сактоодогу ЖККБ кызматкерлеринин калк менен 2012 жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө маалымат билдирүүсү эске алынсын.

2. Токтогул шаарындагы жашоочулардын коопсуздугун сактоодо кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү, эл менен тыгыз байланышта иштөө жагы Токтогул шаардык аймактык тескөөчүлөрүнө сунушталсын.

3. Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Токтогул райондук ИИБнун ИДН кызматкерлеринин өздөрүнүн жобо инструкциялары боюнча билим берүүчү мектептерде, лицей, училищеде жана ИСИТО окуу жайында лекция ангемелешүүлөр өз убагында өткөрүп туруу жагы сунушталсын.

4. Токтогул шаарынын аймагындагы мектеп окуучулар арасында жол коопсуздугу боюнча эрежелерди үйрөтүү, түшүндүрүү багытындагы лекция, ангемелешүүлөрдү өз убагында өткөрүү жагы ЖККБ кызматкерлерине сунушталсын.

5. Токтогул шаар статусун алганына байланыштуу кайрадан жол белгилерин “Ынгайлуу шарт түзүү” комбинаты менен бирдикте койдуруу жана колхоз базарынын айланасындагы авто унаалардын токтоочу жайларын тактап чектөө жагы Р.Ушумбаевге, А.Маранбаевге тапшырылсын.

6. Токтогул шаарынын ички көчөлөрүндөгү авто унаалардын жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн рейдди ай сайын уюштуруу ЖККБ башчысына сунушталсын.

7. Токтогул шаарынын аймагында авто унаалардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу жол коопсуздугун ар дайым көзөмөлдөп туруу үчүн ЖККБнын бир кызматкери Токтогул шаардык мэриясына бекитилип берилсин, айлык маянасы 2013-жылдын бюджетин бекитүүдө каралып, белгиленсин.

8. Бул токтомдун 1-6 пунктарынын аткарылышы Токтогул райондук ИИБ башчысы милициянын полковниги А.Т.Кошиевге сунушталсын.

9. Бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

10. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев