• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VI сессиясынын

ТОКТОМУ № 28

31-октябрь  2014-жыл                                             Токтогул шаары

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  I уюштуруу сессиясынын 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  VI  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  I уюштуруу сессиясынын 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомунун 4-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
  2. Турдалиев Дуулатбек Эсеновичтин ордуна Токтогул шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын кийинки депутаты болуп таанылган Карасартов Туратбек Акималиевич  (БШК токтом №119, 22.10.2014-жыл) “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына мүчө болуп шайлансын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жогоруда аталган туруктуу комиссиянын төрагасы А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул  шаардык

кеңешинин төрагасы:                     К.Дербишев