Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 12

Токтогул шаары                                                                              04.06.2014-жыл

 

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясында 03.03.2014-жылы кабыл алынган № 145 Токтомунун  4 Тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарынынын негизинде,  Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясында 03.03.2014-жылы кабыл алынган № 145 Токтомунун  4 Тиркемесине  өзгөртүүлөр киргизилсин.
  2. Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Эс алуу багына” жана элге жеңилдиктерге каралган акча каражатынан төмөндөгү өлчөмдө кыскартылсын:

–          статья 2221 кезектеги оңдоо иштери  – 40,0 (кырк миң) сом;

–          статья 2215 ар кандай чыгымдар – 30,0 (отуз миң) сом;

–          статья 2721 элге жеңилдиктер – 30,0 (отуз миң) сом;

Жалпы: 100,0 (жүз миң) сом.

3. Ушул токтомдун 2 пункту менен кыскартылган 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты “Байчечекей” балдар бакчасына статья 3112 – ар кандай мебелдерди жана жабдууларды сатып алууга жумшалсын (АРИС 5% жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өздүк салымы катары).

4. Пландарга өзгөртүү киргизүү боюнча билдирме (уведомление) беруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

5. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге, ал эми аткарылышын жалпысынан көзөмөлдөө жагы “Экономика, бюджет, финансы, рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага милдеттендирилсин.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                           К.Дербишев