• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 08                                                                                                                                                                       

Токтогул шаары                                                                              04.06.2014-жыл

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXVII- сессиясынын 06.06.2013-жылдагы № 123 токтомунун  1 Тиркемесин, № 125 токтомун күчүн жоготту деп табуу  жана комиссиялардын жаңы курамын бекитүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXVII- сессиясынын 06.06.2013-жылдагы № 123 токтомдунун 1 Тиркемеси жана № 125 токтому  04.06.2014-жылдан баштап күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага, жеке менчикке берүү, сатуу маселелери боюнча жана жеке менчик турак үй куруу үчүн жер учсатокторун берүү боюнча Токтогул шаардык мэриясы тарабынан түзүлүп, сунушталган  комиссиялардын жаңы курамы ушул токтом менен бекитилсин (Тиркеме1).
  3. Жер участокко укук берүүгө байланышкан бардык маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Өкмөттүн токтомдорунун жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык чечүү  жагы ушул токтом менен бекитилген 1 Тиркемедеги комиссиялардын курамына милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын жалпысынан көзөмөлдөө жагы “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Сыдыковго тапшырылсын.
  6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                             К.Дербишев