Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз V- сессиясынын
ТОКТОМУ № 24
Токтогул шаары 19-сентябрь 2014-жыл
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын I-уюштуруу сессиясынын 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз V – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын I-уюштуруу сессиясынын 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
- Калмурзаев Марат Сагынбековичтин ордуна Токтогул шаардык кеңешинин кийинки депутаты деп таанылган Аблесов Мирлан Амантурович (БШК токтом №101, 05.08.2014-жыл) “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына мүчө болуп шайлансын..
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы К.Мыктаровго милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык кеңешинин
төрагасынын орун басары: С.Абышов