• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз V-  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 23

Токтогул шаары                                                                          19-сентябрь  2014-жыл

Токтогул шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан шайланган  Турдалиев Дуулатбектин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана бош калган мандаттын ордун ээлөө үчүн кийинки депутатты аныктоо боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 52-беренесин жетекчиликке алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз  V – сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Турдалиев Дуулатбек мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Токтогул шаардык кеңешинде бош калган мандаттын ордун ээлөөнү шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмесинде шайланган депутаттан кийинки талапкерге ыйгаруу жагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

4.  Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Токтогул шаардык   кеңешинин

төрагасынын орун басары:                                       С.Абышов