• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV-  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 18

Токтогул шаары                                                               05-август 2014-жыл

Токтогул шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев орто мектебине караштуу эски фин тибиндеги  имараттын (Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын түштүк тарабындагы) ээлеген жер аянтын Балдар чыгармачылык үйүн куруу үчүн берүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токтогул шаарындагы мектеп окуучуларынын арасындагы жаш таланттарды тарбиялап, өстүрүү, алардын окуудан сырткаркы бош убактыларын туура  уюштуруу   максатында,   Балдар чыгармачылык үйүнүн музыка мугалими А.Абдырахманованын кайрылуусун карап, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин, башка депутаттардын сунуштарын жана ошондой эле Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору З.Бекматованын пикирин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарындагы азыркы Балдар чыгармачылык үйүнүн имаратынын эскилиги, андагы ар кандай ийримдерге катышкан жаш таланттарыбыз үчүн тиешелүү шарттардын түзүлбөгөндүгү боюнча  музыка мугалими А.Абдырахманованын кайрылуусу   эске алынып, жаңы Балдар чыгармачылык үйүн куруу зарылчылыгы боюнча сунуш жактырылсын.
  2. Муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев орто мектебине караштуу эски фин.тибиндеги имараттын (Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын түштүк тарабындагы)   ээлеген жер аянты  такталып Балдар чыгармачылык үйүн куруу үчүн берилсин.
  3. Жогоруда аталган эски имараттын ээлеген  жер аянтын Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору З.Бекматова менен  биргеликте тактап бөлүп, ажыратуу жана Токтогул райондук архитектура жана шаар куруу, Мамлекеттик каттоо башкармалыктарынан алынуучу документтер менен камсыздоо жагы Токтогул шаардык мэриясына тапшырылсын.
  4. Балдар чыгармачылык үйүн куруу үчүн каражат булактарын табуу, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча   маалымат берип туруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянынын төрагасы А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
  6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                               К.Дербишев