• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV-  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 17

Токтогул шаары                                                                          05-август 2014-жыл

Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31 беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарындагы муниципалдык менчиктеги Бөкөнбаев орто мектебине караштуу (Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын түштүк тарабындагы)  эски фин.тибиндеги имаратты бузуп алуусу үчүн азыркы турушунда  аукцион жарыялоо менен сатуу, Бөкөнбаев мектебининен чыгарылган  жылытуу системасынын эски чоюн батареяларын жана темир трубаларын сатуу жана Эс алуу паркындагы өсүү процесси токтоп калган тал-теректерди аныктап кыйдыруу, сатуу иштери  боюнча убактылуу комиссия түзүлсүн.
  2. Убактылуу комиссиянын курамы төмөндөгүдөй аныкталып, бекитилсин:

1)      Д.Турдалиев-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

2)      О.Сыргабаев-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

3)      Өмүржан уулу Мирбек-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

4)      М.Исаков-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

5)      А.Исраилов-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

6)      А.Орозов-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты

7)      К.Жумалиев -Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси

8)      А.Азимова-Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси

9)      Т.Шатманалиев-Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси

10)  Т.Бекташева-Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси

11)  Ш.Нусубалиев – А.Козубеков Эс алуу багынын жетекчиси

3. Жогоруда түзүлгөн комиссия курамына төмөндөгү аталган иштерди аткаруу милдети тапшырылсын:

–          эски фин.тибиндеги имаратты бузуп алуусу үчүн азыркы турушу менен сатуу боюнча аукцион жарыялоо, баасын аныктоо, сатуу;

–          Бөкөнбаев мектебинен чыгарылган жылытуу системасынын эски чоюн батареяларын, трубаларын  сыпаттап жазуу менен эсептеп,  акт түзүп, сатуу;

–          А.Козубеков атындагы Эс алуу багынын ичиндеги  өсүү процесси токтоп калган тал-теректердин санын аныктоо менен акт түзүп, сатуу;

–          сатуудан түшкөн акча каржаттарынын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсүн көзөмөлдөө;

–          аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча кийинки сессияга кеңири маалымат берүү;

4.  Ушул токтомдун 3 пунктунда аталган иштер толук аткарылып бүткөндөн кийин  убактылуу түзүлгөн комиссия өз ишин аяктады деп эсептелсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.