• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV-  сессиясынын

ТОКТОМУ № 15

Токтогул шаары                                                                        05-август 2014-жыл

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин жарым жылдык планынын аткарылышы боюнча мэрдин отчету жана бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин жарым жылдын ичинде аткарылган иштер боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык мэриясынын жарым жылдык планынын аткарылышы   16352,8 миң сомго бекитилсин.

Анын ичинен: 3257,4 миң сом атайын каражаттар.

2. Токтогул шаарынын мэри М.С.Калмурзаевдин жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын жана бекитилсин.

3. Жарым жылдык пландан ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен 137,9 миң сом жумуштун зарылчылыгына байланышту төмөндөгүдөй чыгымдалып, жумшалсын:

 

Мектептер жана балдар бакчаларга:

22154900 статьясы боюнча 45,0 миң сом;

Мэриянын аппаратына:

22211100 статьясы боюнча 29,0 миң сом;

Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебине:

22211100 статьясы боюнча 13,9 миң сом;

Токтогул шаардык кеңешинин аппаратына:

31123230 статьясы боюнча 20,0 миң сом;

Токтогул шаарынын жашоочуларынын кайрылуу каттарынын негизинде:

27213100 статьясы боюнча  Токтогулов Нурболот – 15,0 миң сом;

27213100 статьясы боюнча  Асанова    Гүлжамал – 15,0 миң сом;

Жалпы: 137,9 миң сом.

 

Ошондой эле Токтогул шаардык кенешинин аппаратына:

22141200 статьясынан 15,0 миң сом кыскартылып, 31123230 статьясы  боюнча кошумча чыгымдалсын;

Жалпы: 15,0 миң сом.

4. Ушул токтомдун 3 пункту менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү менен билдирме (уведомление) берүү жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

5.  Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

7.Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:              К.Дербишев