Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II –  сессиясынын

ТОКТОМУ № 11

Токтогул шаары                                                    04.06.2014-жыл

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын 03.03.2014-жылдагы № 145 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү жобого ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын 03.03.2014-жылдагы № 136 сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезексиз II – сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын 03.03.2014-жылдагы № 145 токтомуна өзгөртүү киргизилсин жана бул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн Токтогул шаардык мэриясынын жана шаардык кеңешинин аппаратынын  типтүү түзүмү 2014-жылдын 1 –июнь айынан баштап төмөндөгү тартипте кайрадан бекитилсин:
  • Токтогул шаардык мэриясы:

Жооптуу кызматкерлер -16 штаттык бирдик;

Тейлөөчү персонал – 3 штат;

Бардыгы: 19 штат бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август, № 451)

  • Токтогул шаардык кеңеши:

Жооптуу кызматкерлер -4 штаттык бирдик;

Тейлөөчү персонал – 2 штат;

Бардыгы: 6 штат бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август, № 452)

2. 2014-жылдын 4-июнь айынан баштап:

–          аскердик эсепке алуу столунун 2 (эки) инспектору кыскартылсын жана аларга КР Эмгек Кодексинин 85, 86 беренелерине, КР Муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык эки айлык өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилсин жана аларды ишке жайгаштыруу боюнча иш аракеттер көрүлсүн.

–           жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, жогорудагы аталган кызматкерлердин кыскаруусунун натыйжасында үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Токтогул шаардык мэриясына 2 (эки) кварталдык комитет башчылары убактылуу келишимдин негизинде жумушка алынсын.  Алардын айлык акылары Токтогул шаардык мэриясынын адиси кызматынын айлык акысынын өлчөмүндө белгиленип, төлөнсүн.

3. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясынын 03.03.2014-жылдагы № 145 токтомунун 1 пунктунун 1,2 абзацтары (Токтогул шардык мэриясынын жана Токтогул шаардык кенешинин аппаратынын түзүмү) күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага жүктөлсүн.

5. Токтомдун жалпы аткарылышын  көзөмөлдөө жагы “Экономика, бюджет, финансы, рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага милдеттендирилсин.

6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                             К.Дербишев