Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз II – сессиясынын
ТОКТОМУ № 06
Токтогул шаары 04.06.2014-жыл
Токтогул шаарынын мэри
кызмат ордуна шайлоо
боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 43-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз II – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 04-июль 2014-жылдагы протоколунда көрсөтүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен Калмурзаев Марат Сагынбекович Токтогул шаарынын мэри болуп шайлансын.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылсын.
Токтогул шаардык
Кеңешинин төрагасы: К.Дербишев