• Печать

Токтогул шаардык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын  I – уюштуруу сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 04

Токтогул шаары                                                                   02.05.2014-жыл

 

Токтогул шаары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жамааттан, коомдук уюмдардан  көрсөтүлгөн  талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо боюнча

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Токтогул шаардык Кеңешинин аппараты тарабынан каттоого алынган  жамааттын, коомдук уюмдардын атынан көрсөтүлгөн талапкерлердин  документтерин карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин   XXVII-чакырылышынын  I – уюштуруу сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Токтогул шаардык Кеңешинде катталган,  шаарыбыздын аймагында жашаган

төмөндөгү талапкерлер  участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

 

2235 Кыргызстан шайлоо участогу боюнча – 18 талапкер;

2236 Боконбаев шайлоо участогу боюнча – 12 талапкер;

2237 Коргон-Ата шайлоо участогу боюнча- 10 талапкер;

2238 Токтогул шайлоо участогу боюнча -11 талапкер;

2239 Данканай шайлоо учсатогу боюнча- 13 талапкер;

2. Каттоого алынып, ушул сессияда каралган талапкерлердин документтерин толугу менен Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бетине)  жайгаштырылсын.

 

 

Токтогул шаардык

Кеңешинин төрагасы:                                          К.Дербишев