Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXXIV – сессиясынын

ТОКТОМУ № 150

Токтогул шаары                                                    03-март  2014-жыл

 

Токтогул шаарында шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын  көрнөк-жарнактарды илүүсү боюнча

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикке караштуу “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатынын  жетекчиси А.Маранбаевдин сунуш, билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXXIV – сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т:

  1. Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партияларга  үгүт материалдарын илүү үчүн шаардын ички аймагынан атайын орундар же аянттар  берилсин жана эки тараптуу макулдашылган келишимдин  негизинде 1 м аянтка 500 (беш жуз)  сом акча каражатын төлөө белгиленип, бекитилсин.
  2. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги “Ыңгайлуу шарт түзүү”  комбинатынын инженери А.Маранбаевге милдеттендирилсин.
  3.  Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул шаардык

Кеңешинин төрагасы:                                               К.Дербишев