• Печать

Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXXIV – сессиясынын

ТОКТОМУ № 147

Токтогул шаары                                                                03-март  2014-жыл

 

Токтогул шаардык Кеңешининин  XXVI-чакырылышынын  кезексиз XXIII –сессиясынын 10.12.2012-жылдагы № 102 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикке караштуу чарбалык эсептеги  “Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин сунуш, билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык Кенешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги  XXXIV – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн  жаңы тарифи  боюнча “Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин 01.03.2014-жылында берген сунушу жактырылып, бекитилсин (Тариф тиркелет).
  2.  Жаңыдан суу түтүгүнө кошуп берүү жана уруксат кагаздарын (тех.условие) алууга төмөндөгү тариф бекитилсин.

 

–         жеке жарандар үчүн -2000 (эки миң) сом;

–         коммерциялык ишканалар үчүн – 3000  (үч миң)  сом

3. Жогоруда бекитилген тарифтер боюнча сууга болгон төлөмдөрдү өз убагында чогултуп, иштеген кызматкерлердин айлык акыларын толугу менен өз каражаттарынын эсебинен төлөп,  ишкананын ишин натыйжалуу жүргүзүү жагы  “Суу Канал” ишканасынын  жетекчиси Ч.Анарбаевге милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Азакеевге жана анын мүчөлөрунө тапшырылсын.

5.  Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (Мэрия жана Кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                    К.Дербишев