• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV-  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 16

Токтогул шаары                                                                          05-август  2014-жыл

Токтогул шаарында  социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү аракеттерин көрүү жана калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүнү  жакшыртуу боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына  ылайык, Токтогул шаарынын кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин жана башка депутаттардын сунуштарын  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын  кезектеги IV – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаардык мэриясы жана ага тиешелүү бөлүмдөр тарабынан тез арада төмөндөгү иштерди аткаруу зарылчылыгы белгиленсин:
  • борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча атайын механизм иштелип чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлсүн;
  • башкы суу кампадан Токтогул шаарына келүүчү суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштери тиешелүү деңгээлде аткарылсын;
  • шаардын ички жолдорун түздөө (грейдерлөө), асфальттоо, чуңкурлоо,  жалпы коомдук пайдалануудагы жерлерди жарыктандыруу иштери колго алынсын;
  • муниципалдык менчиктеги жерлерди убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү боюнча Токтогул шаардык кеңешинин 06.06.2013-жылдагы № 123 токтому менен бекитилген тарифтик ставкага ылайык иш жүргүзүү  колго алынсын.

 

  1. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн иштер боюнча тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берүү менен алардын сапаттуу аткарылышын камсыздоо жагы жана аткарылган иштер боюнча маалымат берип туруу жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянынын төрагасы А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
  2. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

         Токтогул шаардык

         кеңешинин төрагасы:                                    К.Дербишев