Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясынын

ТОКТОМУ № 56

2015-жылдын 14-августу                                                                  Токтогул шаары      

Токтогул шаарынын аймагындагы социалдык объектилерде жаңы окуу жылына карата

 капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыктарынын негизинде үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылсын.

 

  1. Социалдык объектилерде жаңы окуу жылына карата капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлгөн тендердин жыйынтыктарынын негизинде үнөмдөлгөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 157,9 миң сом калгандыгы бекитилсин.
  2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу тендерди өткөрүүнүн жыйынтыгынын негизинде жогорудагы үнөмдөлгөн 157,9 миң сом төмөндөгүчө бөлүштурүлүп, чыгымдалсын:
  • “Күн Нуру” балдар бакчасына:

- верандасын оңдоого – 20,0 миң сом;

- балдар ойноочу чатырча  - 15,0 миң сом;

 

  • “Байчечекей” балдар бакчасына:

- балдар ойноочу чатырча (6 даана) -42,1 миң сом;

- жайкы кухняга- 40,8 миң сом;

- ажаткана курууга 10,0 миң сом;

  • Токтогул атындагы орто мектебине:
  • каалгаларын алмаштырууга -23,0 миң сом;
  • Спорт мектебине:
  • чатырчасын  алмаштырууга -7,0 миң сом;

 

  1. Жогорудагы   өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү, билдирме берүү  жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.
  2. Бул токтомду аткаруу жагы Токтогул шаарын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдетендирилсин.
  3. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.
  4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана  кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                  К.Дербишев

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева  0 37 47 5 04 51, 0 773 80 29 46