• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз IX  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 45

 

2015-жылдын  21 - апрели                                                                          Токтогул  шаары

           

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  14.03.2015-жылы кабыл алынган кезектеги VIII сессиясынын № 34 токтомунун 4, 5 –Тиркемелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик  укуктун негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун, туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылсын жана Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.04.2015-жылы кабыл алынган кезектеги VIII сессиясынын № 34 токтомунун 4, 5 –Тиркемелерине  төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилгендиги эске алынсын:
  • 4-Тиркемеде “Эс алуу багына” 3111 статьясы боюнча каралган акча каражатынан 304,0 миң сом  Токтогул шаарындагы өчпөс оттун жанына аскердик замбирек орнотуу үчүн постаментин курууга жумшалсын;
  • 01.05.2015- жылдан баштап 31.12.2015-жылга чейин Таза Суу программасы боюнча чет элдик консультанттар менен бирге иш алып баруу үчүн, келишимдин негизинде, Токтогул шаардык  мэриясына убактылуу бир штат бирдиги каралсын. Айлык акысына   112,6 миң сом  (2111 статьясы боюнча 96,0 миң сом, 2121 статьясы боюнча 16,6 миң сом) жогоруда аталган токтомдун 5-Тиркемесинде жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери үчүн каралаган акча каражатынын эсебинен төлөнүп берилсин;  
  1. Ушул токтом менен киригизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү менен билдирме берүү жана жалпысынан бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана  кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

   Токтогул шаардык

   кеңешинин төрагасы:                                               К.Дербишев

                                                                      

Даярдаган:  С.К.Наралиева             

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46