• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 41

 2015-жылдын 03-апрели                                                               Токтогул шаары      

 

Токтогул шаарында  Токтогул атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен терезелерин (420м2)     алмаштыруу үчүн түзүлгөн долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары  акча каражатын бөлүп берүү боюнча 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,    Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жогорудагылардын негизинде Токтогул атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен терезелерин (420м2) алмаштыруу үчүн түзүлгөн долбоорду  түрткү берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү толугу менен колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

  1. Проекттин жалпы баасы 2 818 114 ( эки миллион сегиз жүз он сегиз миң бир жүз он төрт) сом болгондуктан, бул сумманын 20%, так айтканда  563 623 (беш жүз алтымыш үч миң алты жүз жыйырма үч) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.
  2. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

   Токтогул шаардык

    кеңешинин төрагасы:                                              К.Дербишев

 

 

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева             

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46