• Печать

Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясынын

ТОКТОМУ № 39

2015-жылдын 14-марты                                                      Токтогул шаары    

 

Токтогул шаарынын аймагында жашаган тургундардын, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун, укуктарын коргоо жана соода түйүндөрүнүн, кафе, ресторан ээлеринин жоопкерчилиги жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү Кодексинин, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин жана Эмгек Кодексинин талаптарына ылайык, “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жашоочулардын, жаш өспүрүмдөрдүн  коопсуздугун, укуктарын коргоо боюнча иштерди жакшыртуу зарылчылыгы баса белгиленсин.

 

  1. Жашоочулардын,  мектеп жашындагы өспүрүм балдар-кыздардын кафе-ресторандарда, ар кандай оюн-зоок клубдарында иштеши мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлүүсү көзөмөлгө алынсын.

 

  1. Убактылуу жумуш аткаруу үчүн кафе, ресторандарда иштеген жашоочуларыбызды, жаш өзгөчүлүгүнө карабастан, жумуштан кийин үйлөрүнө жеткирүү жоопкерчилиги  ишкана ээлерине эскертилсин.

 

  1. Шаардын аймагында:
  • соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин  саат 24.00дөн эртең мененки саат 08.00гө чейин сатууга тыюу салынсын;
  • соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөргө сатууга тыюу салынсын;
  • сыртка музыка коюу саат 22.00гө чейин чектелгендиги белгиленсин;

 

  1. Ушул токтомдун 3,4 пунктунун талаптарын аткаруу жагы соода сатык жүргүзүүчү ишканалардын жана кафе, ресторандардын ээлеринен суралсын.

 

  1. Бул токтомдун талаптары боюнча тиешелүү мекеме, ишканалардын жетекчилерине, соода түйүндөрүнүн ээлерине билдирүү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, токтомдун жалпы аткарылышын камсыздоо жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Өз алдынча башкаруу, депутаттын  компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бети)  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Токтогул шаардык

кеңешинин төрагасы:                                            К.Дербишев

 

Көчүрмө анык

Токтогул шаардык

кеңешинин жооптуу катчысы:                 С.Наралиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Даярдаган:  С.К.Наралиева                         

0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46