Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
ТОКТОМУ № 38
2015-жылдын 14-марты Токтогул шаары
Токтогул шаардык кеңешинин 02.05.2014-жылдагы № 03 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынына ылайык, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттарынын 18.11.2014-жылдагы сунушун карап, талкуулап, Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жогорудагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттарынын сунушу жактырылып, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин.
- “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Раманкулов Тынчтыкбек Аскарович “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
кеңешинин төрагасы: К.Дербишев
Даярдаган: С.К.Наралиева
0 37 47 5 01 54, 0 773 80 29 46