• Печать

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VI  сессиясынын

ТОКТОМУ № 29

 

31-октябрь  2014-жыл                                                     Токтогул шаары                                                                             

Токтогул шаарынын аймагында калкты саламаттыкты сактоо жагынан тейлөөнү жакшыртуу боюнча  

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык,   “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Ондошеванын билдирүүсүн, сунушун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги VI  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Токтогул шаарынын аймагында калкты саламаттыкты сактоо жагынан тейлөөнү жалпысынан жакшыртуу иштери мындан ары дагы колго алынсын.
  2. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын сунушу жактырылып, ден-соолугун абалы өтө оор деп эсептелинген тургундарыбызга ыңгайлуу болуусу үчүн Токтогул аймактык оруканасынын реанимация бөлүмүн 1-кабатка которуу жагы  орукананын директору Н.Т.Тешебаевага сунушталсын.

 

  1. Шаарыбыздагы Үй бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган тургундарыбызга ынгайлуу болуусу үчүн, эртең мененки убакытта өтүүчү мед.персоналдын жыйналышын түштөн кийинки убакытка которуу жагы Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун директору Ч.Кубибаевага  сунушталсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча кийинки сессияга маалымат берүү жагы “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Ондошевага тапшырылсын.

 

  1. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Токтогул  шаардык

кеңешинин төрагасы:                                 К.Дербишев