Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 28
31-октябрь 2014-жыл Токтогул шаары
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын 02.05.2014-жылдагы № 3 токтомунун 4-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
- Турдалиев Дуулатбек Эсеновичтин ордуна Токтогул шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын кийинки депутаты болуп таанылган Карасартов Туратбек Акималиевич (БШК токтом №119, 22.10.2014-жыл) “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына мүчө болуп шайлансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жогоруда аталган туруктуу комиссиянын төрагасы А.Сыдыковго милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык
кеңешинин төрагасы: К.Дербишев